Өзбекстанда дарыгер 34 жылдык эмгек өргүүсү үчүн 8 миң доллар алды

Автор -
716

Өзбекстанда 34 жыл бою эмгек өргүүгө чыкпаган дарыгерге 68,9 миллион сум (8 миң доллардан ашык) төлөнүп берилди. Бул тууралуу Өзбекстандын Кесиптик бирикмелер федерациясы билдирди.

Маалыматтарга караганда, Х.Каюмов 1978-жылдан тарта Жизак облусунун патологоанатомиялык бюросунда дарыгер болуп иштеген. 2018-жылы жумуштан бошотулган. Бирок ага буга чейин колдонулбаган негизги жана кошумча эмгек өргүүлөрү үчүн акы төлөнүп берилген эмес.

Х.Каюмов кесиптик бирикмелер федерациясына кайрылган, уюм дарыгердин укугун коргоп, жарандык иштер боюнча район аралык сотко арыз жазган.

Соттук териштирүүлөрдүн натыйжасында мамлекет дарыгерге 34 жыл аралыгында колдонулбаган эмгек өргүүлөрү үчүн 68 миллион 941 миң сум (8,2 миң доллар) төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Өзбекстандын Эмгек кодексине ылайык, кызматкер менен эмгек келишим бузулган учурда ага компенсация төлөнүп берилет.

Бөлүшүү