Москвада кыргыз кызды унаа сүзүп кетти. Бул маалыматтын видеосун Россияда жашаган Улан Кошматов Facebook социалдык тармагына жүктөдү.
[ads-quote-center cite=’деп жазган ал.’]»Бүгүн эртең менен Москванын Вавилова жана «60 лет октября» көчөлөрдүн кесилишинде кыргыз кызын унаа уруп кетиптир. Жолдо жаткан кызды аялдамага алып келип, жардам бердик. Кыз шок абалында сүйлөй алган жок. Балким жакындары болсо, таанып калар», [/ads-quote-center]Кызды «Тез жардам» кызматы ооруканага алып кеткен.
Айрым интернет колдоонучулар айдоочу жок бекен деген суроого; [ads-quote-center cite=’ деп билдирди Кошматов.’]»Айдоочу жанында жардам берүүдө»,[/ads-quote-center]