Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) бардык диний уюмдардагы иш-кагаздарды жана жума кутпаларын кыргыз тилинде жүргүзүү, зарыл учурда орусча кошуу тууралуу буйрук чыгарды. Муфтий Максатбек Токтомушев буйрукка 6-мартта кол койгон.
Документтин экинчи пунктуна ылайык, кыргыз эмес, башка улуттагы жарандар байырлаган аймактардагы мечиттерде да жума кутпалары кыргызча, зарыл болсо орусча айтылышы керек.
[ads-quote-center cite=’деп түшүндүрмө берди Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы.’]»Ал эми башка учурларда өлкөбүздө жашаган башка этностор мечиттерде өз тилдеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө тыюу салынбайт»[/ads-quote-center]Буйруктун аткарылышын муфтийдин орун басарлары, шаардык жана облустук казылар, райондордун имам-хатибдери көзөмөлдөйт.
Кыргызстандын калкынын негизги бөлүгүн кыргыздар түзөт, бирок дагы ондогон улут өкүлдөрү байырлашат. Өлкөдө кыргыз тили — мамлекеттик, орус тили — расмий макамга ээ.