Жогорку Кеңештин депутаттары Аксы окуясында каза болгондорду эскеришти

Автор -

Кечээ, 17-мартта Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары, Президенттин Аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Гульбара Калиева, Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев жана экс-президент Роза Отунбаева Аксы окуясында каза болгондорду эскерип, Ала-Тоо аянтындагы 2002-жылдагы Аксы окуясында жана 2010-жылдагы Апрель окуясында курман болгондорго арналып тургузулган монументке гүл чамбарларды коюшту.

Ошондой эле эскерүү иш-чарасына министрликтердин, мекемелердин жетекчилери жана коомдук-саясий ишмерлер катышып, курман болгондорго багышталып куран окулду.

Маалымат үчүн:

«Аксы» окуясы — 2002-жылы Аксы районунда болгон окуя. 2002-жылы 17-мартта Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршылык кылып, райондун борборуна жөө жүрүш менен бара жаткан элге бийлик ок чыгарган. Андан 4 киши курман болгон. Ошол эле жылы 18-мартта Аксы районунун борбору Кербенде милициянын огунан бир жигит, токмогунан дагы бир киши каза тапкан.