«Республика — Ата Журт» фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов жакын арада Кыргызстанга келет. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган фракциянын депутаты Максат Сабиров билдирди.
«Республика — Ата Журттун» депутаттары Максат Сабиров, Руслан Казакбаев, Мирлан Жеенчороев жана Кенжебек Бокоев Орусияга барып, Өмүрбек Бабанов менен жолугуп келишкен.
Сабиров Бабанов бир айдын ичинде келип калышы мүмкүн экенин айтты.
[ads-quote-center cite=’деди Сабиров.’]«Өткөндө анын эч кандай күнөөсү жок экенин, саясий куугунтук болгонун ачык эле айтышпадыбы. Ошон үчүн «келем» деп жатат. Биз эми келерин күтөбүз»[/ads-quote-center]Бабанов 21-мартта “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктап, “жакында көрүшкөнчө” деп жазган.
«Республика» партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, Сооронбай Жээнбековго утулуп калган.
Ошол эле жылы 4-ноябрда «анын шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде Башкы прокуратура иш козгоп, материалдарды УКМКга өткөрүп берген. Ошондой эле ага карата «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш козголгону кабарланган.
Бул айыптоолорду четке каккан Бабанов өлкөдөн чыгып кетип, кийин депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кеткенин жарыялаган.