Аксы районунун жергиликтүү тургундары жана активисттери чек араны тактоодо Кыргызстан бул аймактан Өзбекстанга жерди ашыкча берип жатат деп эсептешүүдө. Бул боюнча президентке жана Жогорку Кеңешке да кайрылуу жолдоп, өз жүйөлөрүн келтиришкен.
Маселенин баары Аксы районунун Өзбекстан менен чек аралаш аймагында жайгашкан Дейрес-Өрүкзар участогундагы 130 гектар жеринен чыккан. Айылдыктардын айтымында, тактоо иштеринин натыйжасында 89 гектар жер кыргыз тарапка, калган 54 гектары Өзбекстанга таандык экени көрсөтүлгөн.
[ads-quote-center cite=’ деп билдирди ыктыярдуу чек арачы жана жарандык активист Бакыт Узенбаев.’]»Былтыр чек араны тактаган комиссия келип, эл менен жолуккан. Түшүнүксүз сөздөрдү айтып, кетип калышты. Эми болсо өзбек чек арасынын командирлери келип, кыргыз чек арачылары турган жерден 10 метр артка жыласыңар деп жатат. Талаш маселенин баары эми билинип жатат. Мурда бул жерлерди өзүм тегиздеп, чек арачыларга кайтарууга ылайыктуу кылып даярдап бергем. Узун кеткен асфальт жол жана союз учурунда курулган суу түтүктөр бизде калган. Азыр эми булардын баары аларга берилет экен. Чек ара ыйык жана кол тийгис дейт. Бирок аны караган комиссия элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгын ойлогон жок. Тортко окшоп эле жерлерди бөлүп берип жатат. Ошондуктан эски карталарды көтөрүп, чек арадагы жерди кайрадан тактоо керек. Кандайча биз пайдаланып келген жер өзбек тарапка 54 гектар болуп өтүп кетет?»[/ads-quote-center]Жалал-Абад облусунун Өзбекстан менен чектешкен 725 чакырым жеринен 80 чакырымы учурда тактала элек. Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов буга чейин билдиргендей, сүйлөшүүлөрдүн негизинде 476 гектар жер Кыргызстанга калып, 241 гектар жер коңшу өлкөгө берилген. Ал эми талаштуу Үңкүр-Тоо жана Чала-Сарт аймактары боюнча тараптар бир пикирге келе элек. Акматов Дейрестеги маселе боюнча тынчсызданууга негиз жок экенин айтууда.
Учурда эки мамлекеттин ортосундагы 1378 чакырымга созулган чек ара тилкесинин 1170и такталган. Былтыр жыл аягына чейин калган жерлер аныкталып бүтөрү айтылган, бирок делимитация жана демаркация иштери уланууда. Эки тараптын жумушчу топтору тынбай жолугушуу өткөрүп жатат.