Үй ээсин бычак менен коркутуп, тоноп кеткен үч өспүрүм кармалды

Автор -

Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Чүй областында бир топ кылмыштарды жасап жүргөн жашы жете элек үч өспүрүмдү кармады. Бул тууралуу Чүй областынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 15-мартта Аламүдүн ИИБне каракчылык менен кол салуу фактысы боюнча арыз түшкөн. Арашан айылынын тургуну анын үйүнө беткапчан  үч белгисиз адам кирип бычак такап, коркутуп тоношконун айткан.

Иликтөөнүн жүрүшүндө ички иштер кызматкерлери 15 жаштагы  Ж.А.,  жана К.М, ошондой эле 16 жаштагы М.Д. кармалды. Алар буга чейин дагы Чүй областынын аймагында ушундай кылмыш ишин жасашканы белгилүү болду.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү