Түштүк Африка өлкөлөрүнөн Мозамбикте болгон катуу куюн жана селдин айынан 686 киши каза болсо, жардамга муктаж адамдардын саны 2 миллионго чукулдап калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Мозамбикке таасирин тийгизген «Идай» куюну жана нөшөрлөп жааган жамгырлар алып келген селдердин кесепетинен 33 600 турак жай талкаланса, 500 000 гектардай жер жараксыз абалга келген.
Учурда адамдар тамак-ашка, турак жайга жана сууга муктаж болууда.