Тажикстандагы кар көчкүдөн 10 турак-үй жараксыз абалга келип, 100 уй өлдү (Видео)

Автор -
233

Кар көчкүсүнөн улам Тажикстандын чыгышында жайгашкан Сангвор районундагы он турак-үй зыянга учурады. Мындан тышкары жергиликтүү тургундардын мал-жандыктары өлүп, бакчалары, бал челектери жана чарбактары талкаланганы кабарланууда.

28-мартка караган түнү түшкөн кар көчкүсүнөн улам Дараи Хайрон айылындагы жолдор жабылып, электр зымдары үзүлгөн. Айыл тургуну Али Сафаровдун айтымында, көчкү анын сарайын басып калган.

[ads-quote-center cite=’ деди ал.’]«Биздин үйгө жеткен жок. Бирок сарайдагы 17 уюбузду жоготтук. Тоолуу айылда жашаган биз үчүн бул чоң жоготуу. Жалпысынан жаратылыш кырсыгынан 100дөн ашык уй өлгөнүн эсептеп чыктык»[/ads-quote-center]

Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалар комитети нөшөр жаандан улам райондордун биринде каналдын жээги желип, эки жашар кыз сууга чөгүп кеткенин билдирди.

[ads-quote-center cite=’деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.’]«Тилекке каршы, ата-энелердин коопсуздук эрежелерин сактабагандыгынан жана шалаакылыгынан улам эки жаштагы кыз каналдагы сууга чөгүп кетти»[/ads-quote-center]

Селден улам Ховалинг районундагы Даштирубоб жана Саяхфарк айылдарын байланыштырып турган көпүрө дагы зыянга учураган. Мындан тышкары суу ташкыны аталган райондогу «Гули Мурод» алтын өндүрүү ишканасын каптаган.

Тажик бийлигинин маалыматына караганда, өлкөдө 1997-жылдан 2018-жылга чейин 3,4 миңден ашык табигат кырсыгы катталган. Алар келтирген чыгымдын жалпы суммасы 589 миллион доллардан ашкан.