Мадумаров Акрам Камбаралиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Ал эми Өкмөттүн Баткен облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Халмурзаев Абиш Алыбаевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду.