Тажикстандык үч таксист тууралуу тасма жарык көрдү (Видео)

Автор -

Журналист Мумин Шакиров Тажикстандык үч таксисттин автоунааларына видеокамера орнотуп, алар тууралуу тасма тартты.

СССР таркагандан кийин жана жарандык согушту башынан өткөргөн тажикстандыктар постсоветтик чөлкөмдө эң эле мобилдүү улутка айланган. Өлкөдөн эки миллиондон ашык мирант чыгып кеткен, алардын көбү Орусияда иштейт.

Тасма – Жим Жармуштун “Түнкүсүн Жерде” жана Жафар Панахинин “Такси” фильмдерине үндөш.

58 жаштагы Рахмат Хайдаров 90-жылдардын ортосунда бизнесинен кол жууп, Москвага иштөө үчүн кетет. Душанбеде анын аялы, балдары жана неберелери бар. Ал аларга жыйырма жылдан ашык убакыттан бери акча жөнөтүп турат.

Умед Рустамов АКШда турат. Нью-Йоркко тил курстары үчүн барып, саясий башпаанек сураган. Учурда ал Бруклин колледжинде окуйт. Күндүз – сабакта, түнкүсүн – иште. Грин-карта алууга үмүт артып келет.

44 жаштагы Толиб Бахранов Душанбеде калган. Ал аялына жана үч баласына кам көрөт. Атасы өлгөндөн кийин Толиб карындаштарына жана инилерине дагы тирек болууда.

Тасма «Настоящее Время» телеканалынын колдоосу менен “Радио Свобода” тарабынан тартылган.