5-апрелде Ташкенттин Шайхантахур райондук салык бөлүмүнүн бардык 133 кызматкери жумуштан айдалды. Бул тууралуу аталган мекемедеги өз булактар билдиришти.
[ads-quote-center cite=’деп билдирди булак.’]«Атайын отряд келип, баарыбыз өз каалообуз менен жумуштан кетүү тууралуу арыз жазышыбыз керектигин айтышты. Бул президент Мирзиёевдин буйругу деп, бир күндө 133 кызматкердин баары иштен алынды»[/ads-quote-center]
Өлкөнүн Мамлекеттик салык комитетинин басма сөз кызматы бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.
4-апрелде Ташкентте салыктарды чогултуу боюнча пландын аткарылышына арналган өкмөттүк жыйын өтүп, анда президент Шавкат Мирзиёев борбордогу салык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин сынга алган.