Текебаев менен Чотоновдун соту жылдырылды

Автор -

Бүгүн, 23-апрелде Жогорку сотто Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иштери каралды.

Маалыматка ылайык, соттук отурум ачык өттү. Эки саясатчынын соттук иштери   Дүйшөнкул Чотоновдун жактоочулары келбегендигине байланыштуу 3-майга жылдырылды.

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон.