Кытай архивдеринен табылган маалымат кыргыз тарыхын 8 кылымга арбытты

Автор -
391

«Мурас» мамлекеттик фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов Кытай жазма булактарында кыргыздар тууралуу жаңы маалыматтар табылганын кабарлады:

— Кытайдын Коомдук илимдер академиясынын Тарых изилдөө институтунун окумуштууларынын Кытай жазма булактарын жана архивдик документтерди иликтөөсүнүн жыйынтыгында биздин заманга чейинки 1050-жылдан 980-жылга чейинки мезгилде жашаган Кытай падышасы өз хроникасында кыргыздар тууралуу жазып калтырган материалдар табылды. Бул кыргыз тарыхы үчүн чоң жаңылык жана кубанычтуу окуя.

Президент Жээнбековдун Кытайдагы жумушчу сапарынын алкагында Бээжинде Тарых изилдөө институтунун директорунун орун басары Тянь Бо жана ушул эле институтка караштуу Евразия изилдөө борборунун директору, профессор Ли Цзиньсю менен жолугушуусунда бул жаңылыкты кытайлык тарыхчы окумуштуулар билдиришкен.

Кытайлык белгилүү тарыхчы Ю Тайшан өз изилдөөсүндө Кытайдын архивдик материалдарынан кыргыздардын аталышы биздин заманга чейинки X кылымга таандык маалыматтарда бар экенин таап чыккан.

Кыяс Молдокасымов буга чейин тарыхчы Сыма Цяньдын «Ши цзи» эмгегинде жолуккан кыргыздар жөнүндөгү алгачкы маалыматтар биздин заманга чейин 201-жылга таандык болуп келгенин айтып, эми табылган расмий кытай жазма булактары аркылуу кыргыз тарыхы дагы сегиз кылымга нары жылганын белгиледи.

Кыяс Молдокасымов 2019-жылы январда Бээжинге барып, Кытайдын Коомдук илимдер академиясынын Тарых изилдөө институтунун директору, профессор Бу Сяньчунь менен жолугушуп, өз ара кызматташуу боюнча макулдашууга кол койгон. Натыйжада кыска аралыкта кытай окумуштуулары кыска убакта коптогон даректүү документтерди табышкан.

Бөлүшүү