Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев Мажбурлап аткартуу бюросунун облустук башкармалыгынын жетекчисин тилдеп, “ичеги-кардын чубап, аны менен башын ороп салам” деп коркутканы айтылууда.
“Азаттыктын” өзбек кызматына аудиожазуу жөнөткөн ишкер, окуя 22-майда обулустук администрациянын жыйыны учурунда болгонун билдирди. Аким чиновникти оозго алгыс сөздөр менен тилдеген.
[ads-quote-center cite=’деп коркуткан Шухрат Ганиев.’]“Жашооңдун беш-он жылы түрмөдө өтөт. Сен МАБ башчысы болосунбу, башкасы болосуңбу, мага айырмасы жок. Өзүмдү зорго кармап турам, болбосо ичеги-кардыңды чубап, башыңа ороп салмакмын”[/ads-quote-center]Ал Мажбурлап аткартуу бюросунун аймактык башкармалыгынын жана салык инспекциясынын башчылары Ташкенттен экенин жана Фергана облусуна зыян келтирип жатканын баса белгилеген.
Аким эгер чиновниктер май айында план толтура алышпаса, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскерткен.