Кыргыз- өзбек чек арасында курал колдонулган чыр-чатак чыкты

Автор -
292

Бүгүн, 31-майда Ош облусунун Араван районуна караштуу Тогуз-Булак жеринде курал колдонулган чыр-чатак орун алды. Бул тууралуу  Мамлекеттик чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү билдирди.

Алдын-ала алынган маалыматтарга ылайык,  Кыргызстандын чек ара кызматы чек арага жакын жерден Өзбекстандын эки автоунаасын байкаган. Ал автоунаалар чек ара кызматы тарабынан токтотуу талабына көңул бурбай койгондо, Кыргызстандын чек ара кызматы асманга эскертүү ок атышкан.

Эскертүүгө карабай,  автоунаалар андан ары жолун улап бара жатканда Кыргызстандын чек ара кызматы автоунаанын дөңгөлөгүнө карай ок чыгарууга аргасыз болгон. Натыйжада,  Өзбекстандын бир жараны жаракат алган. Жаракат алган жаран Өзбекстандын Мархамат райондук ооруканасына жеткирилген.

Жогоруда орун алган жаңжал боюнча тез аранын ичинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары-чек ара аскерлеринин колбашчысы менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзгөн. Сүйлөшүүнүн учурунда биргеликте териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн жаңжал чыккан жерге чек ара өкүлдөрүн жиберүү чечими кабыл алынган.

Азыркы учурда орун алган жагдайды тактоо максатында Кыргыз Республикасынын Ош облусу боюнча чек ара өкүлүнүн Өзбекстандын Булак-Башы багыты боюнча чек ара өкүлү менен жолугушуусу жүрүп жатат.