Орусиянын «Росатом» мамлекеттик корпорациясы Өзбекстанда 2020-2021-жылдары атомдук электр станция (АЭС) курулушун баштоону пландап жатканын ырастады.
Корпорациянын башчысы Алексей Лихачевдун айтымында, бул үчүн Жизак облусунун Фариш районундагы Айдаркөлдөн алыс эмес жердеги аянт тандалган.
[ads-quote-center cite=’деди Лахачев.’]«Бир нече вариант каралган, аягында ушул жерге токтолдук. Бирок атомдук блокту Айдаркөлгө курууга лицензия алгандан кийин гана акыркы чечим деп айтсак болот. Биз 2020-жылдын аягына чейин бардык уруксат кагаздарын алып, курулуш иштерин 2020-2021-жылдары баштайлы деп турабыз»[/ads-quote-center]Айдаркөл – Өзбекстандын түндүк-чыгышындагы суу агып чыкпаган ири көл. Ал 1960-жылдардын башында Сырдарьяны тоскондон кийин пайда болгон. Азыр бул суусу тартылып кеткен Арал деңизинен кийинки көлөмү жагынан аймактагы экинчи көл болуп эсептелет.
Өзбекстанда АЭС куруу маселеси өткөн кылымдын 80-жылдары эле көтөрүлгөн. Бирок жер силкинүү коркунучу жогору болгондуктан, кийинкиге калтырылган. XXI кылымдын башынан тарта станция курууга Орусиянын «Росатом» корпорациясы кызыгып, 2017-жылы декабрда эки өлкөнүн өкмөттөрү АЭС куруу тууралуу келишимге кол коюшкан.
Алгач станцияны Тудакөл суу сактагычында куруу каралып, бирок кийин ал Айдаркөлгө алмаштырылган. План боюнча АЭС 2030-жылга чейин пайдаланууга берилиши керек. Анын курулушуна Орусия Өзбекстанга насыя берет.