Айт намаз 5-июнда Бишкектеги Эски аянтта таңкы саат 7:30да окулат. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
Айт намаздын программасы:
06:00-07:00 — Дин аалымдарынын баяндамалары;
07:00-07:20 — Азирети Муфтийдин куттуктоосу жана баяндамасы;
07:20-07:30 — Өкмөттүн куттуктоосу;
07:30 — Айт намаз.
Бишкек шаардык милициясынан кабарлашкандай, 5-июнь күнү Айт намаз учурунда Бишкектин бир нече көчөсү убактылуу жабылат.
Алар:
-Чүй проспектиси — Абдрахманов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
-Фрунзе көчөсү — Абдрахмановдон Тоголок Молдо көчөсүнө чейин.