2 млрдан ашык акча «сол чөнтөккө» солонгон

Автор -

Буга чейин мурдагы бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген, айтылуу «Райым миллион» атыккан Райым Матраимовго байланыштуу миллиондук териштирүүлөрдүн аягы сууй элек. «Азаттык» маалымат сайтынын изилдеген макаласынан улам, «териштирүү  бүтүп калды» деген экономикалык кылмыштарга каршы кызматы 2 жагдайдагы иштерди кайрадан карап текшерип жатышканы маалым болду.

Бул иштерге баш чайкап жаткан коомчулукту дагы бир «миллиондук коррупциянын» булактары танданууну жаратты.

Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов кечээ парламенттин Бюджет жана финансы комитетинде отчёт берип жатып былтыр мамлекеттик бюджетке байланыштуу 2425 мекеменин иши текшерилгенин, 20 18-жылы мамлекеттик органдарга аудит жүргүзүүнүн жыйынтыгында 2 миллиард 321 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталганын айтты. Анын ичинен 1 миллиард 621 миллион сом кайтарылууга тийиш болсо, 1 миллиард 405 миллион сому ордуна коюлган.

Мамлекеттик бюджеттин резерви менен жоготуусу 13 миллиард 236 миллион сомду түзгөн.

Булак: «Факты.kg» гезити. №23 (23). 11-июнь, 2019-жыл.

Бөлүшүү