Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын жыйынына келип, ѳзүнүн ѳкүт -дооматтарын айткандардын бири УКМКнын мурунку тѳрагасы Кеңешбек Дүйшѳбаев болду.
Ал: «Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда коррупцияга кеңири жол берилди» — деп «балп» эттире сүйлѳдү.
Башкасы ушул кепти айтса да, Кеңешбек аксакал айтпаса болмок. Эмнеге дегенде 2010-жылы 7-апрелден кийин УКМКнын башына келип, мамлекеттин ишин онунчу маселе кылып жылдырып коюп, жеке кызыкчылыкты биринчи маселе кылып, укмуштай уурдоолорго жол берип, жомоктогудай байыган.
Анын менчикке чыгарып алган мүлктѳрү ЖМКга сүрѳттѳрү менен кѳп ирет чыкты. Бирок бийлик ага карата чара кѳргѳн жок.
Кыязы, Дүйшѳбаев УКМКны жетектеп турганда тапкан дүйнѳсүн тийешелүү билермандар менен тең бѳлүшүп койгонбу? Иттики десе…
Булак: «Багыт.kg» гезити. 19-июнь, 2019-жыл.