Өзбек өкмөтү Орусиядан «жүк-200дү» алып келүүгө кеткен чыгымдарды толугу менен өзүнө алат. Бул тууралуу 18-июнда Өзбекстандын эмгек министри Шерзод Кудбиев билдирди.
Анын айтымында, Өзбекстандын жарандары үчүн «жүк-200дү» алып келүү кыйла жеңилдейт.
[ads-quote-center cite=’деди министр.’]«Эгер буга чейин патенттин, салыктарды төлөгөндүгү тууралуу дүмүрчөктүн көчүрмөсү сыяктуу документтер талап кылынып келсе, эми аларды сурабайбыз. Мындан тышкары бардык «жүк-200дүн» чыгымдарын мамлекет өзүнө алат»[/ads-quote-center]Кудбиева министрлик ошондой эле Орусиянын түрдүү аймактарындагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу борборлордо жашап жаткан өзбек жарандарын мекенине алып келүүгө даяр экенин кошумчалады.