Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча КСДПнын саясий кеңешинин мүчѳсү Фарид Ниязов Атамбаев ѳзүн коргой алат деп билдирди. Ал ѳз сѳзүндѳ: «Ал бардык суроолорго жана айыптар боюнча жооп берүүгѳ даяр. Бирок эч кандай расмий документ түшѳ элек. Журналисттер айыптарды Талант Мамытовдун оозеки айтканынан гана алышты, бирок документти ѳз кѳзү менен кѳрүшкѳн жок. Бул документ табышмак болуп жатат. Депутаттарга да таратылбаптыр. Корутунду чыккандан кийин анын мазмуну ѳзгѳртүлүшү да мүмкүн» — деп коңгуроо какты.
Булак: «Фабула» гезити. 21-июнь, 2019-жыл.