Ташкент эл аралык аэропорту жарыксыз калды (Видео)

Автор -

Ислам Каримов атындагы Ташкент эл аралык аэропорту 23үнөн 24-июнга караган түнү 40-45 мүнөткө электр жарыгысыз калды.

Жүргүнчүлөрдүн кабарлашынча, түнкү саат үчтө жарык өчүп, эл дүрбөлөңгө түшкөн.

“Эч ким эмне болуп жатканын түшүндүргөн жок. Кечирим да сурашкан жок”
деди жүргүнчүлөрдүн бири.

Өзбекстандын Транспорт министрлигинин өкүлүнүн айтымында, аэропортто үч көмөк чордон бар. Алардын үчөө тең өчүп калган.

Эксперттердин пикиринде, аэропортту курууда коопсуздук эрежелери эске алынбайт. Катуу жамгыр жааган учурда имараттын ичи сууга толуп калат.

Ташкент эл аралык аэропорту 2018-жылы колдонууга берилген. Азыркыга чейин курулушка канча акча жумшалганы айтыла элек. Объект мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү