Алмазбек Атамбаев кандай артыкчылыктардан кол жууду — тизме

Автор -
320

Sputnik Кыргызстан агенттиги Атамбаев экс-президент катары кандай ыйгарым укуктарга ээ болуп жүргөнүн тизмектеп чыкты.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу боюнча чечим кабыл алды.

Кол тийбестик

Экс-президент макамы бар кезде мамлекеттин мурдагы башчысын кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартуу эч мүмкүн эмес эле. Ошондой эле анын иштеген жана жашаган жерин тинтүүгө, ага тиешелүү автоунаа, архивдик материалдарга, документтерге жана кат алышууларга эч кимдин кийлигишүүгө акысы жок болчу. Азыр мурдагы президент мындай укуктан ажырады.

Кайтаруу

Аны Кыргызстандын аймагында өмүр бою мамлекеттик күзөт кызматы карап, кайтармак.

Бекер медициналык тейлөө жана пенсия

Экс-президент, жубайы жана анын камкордугундагы бойго жете элек балдары медициналык кызматтарды бекер пайдалана алмак. Мындан тышкары, пенсияга чейин акчалай колдоо, кийин пенсия чегерилмек. Анын көлөмү учурда иштеп жаткан президенттин айлыгынын 75 пайызын түзөт. Президентин маянасы өскөн учурда экс-президенттин пенсиясынын дагы суммасы жогоруламак.

Дача

Өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин мамлекеттик дачалардын бирин акысыз пайдалана алмак. Ошондой эле Кыргызстандагы аба майдандарынын, темир жол бекеттердин VIP-залын акысыз колдонмок.

Байланыш

Экс-президент Кыргызстандын ичинде өкмөттүн колундагы бардык байланыш каражаттарынын (мобилдик жана кадимки телефон байланыш) түрлөрүн акысыз жана каалаган учурунда пайдалана алмак.

Ошондой эле президенттин ар-намысы жана кол тийбестиги мыйзам тарабынан корголмок.