«Соке болбой калды» митингинин резолюциясы (тизме)

Автор -
205

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары Бишкекте өткөргөн митингде бийликке бир нече талап коюлуп, резолюция кабыл алынды.

Митингдин катышуучулары Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришкен учурдан тартып 19 айдын ичинде жүргүзүп жаткан саясаты анын шайлоо алдындагы убадаларына карама-каршы келет деп белгилешет.

Президент өзүнүн «Кыргыз көчү жолун улайт», «Өлкөдөн кымбат дөөлөт жок», «Туугандуу бийде ыйман жок, ыймандуу бийде тууган жок» деген бардык ураандарынан четтеди. Өлкөдө мыйзам жөнүндөгү куру дымактуу билдирүүлөргө жамынган мыйзамсыздык өкүм сүрүүдө, калп менен алдамчылык мамлекеттик саясаттын куралына айланды. Жарандардын укугу тепселүүдө, адамдык касиет, ар намыс түккө турбай, бааланбай да калды. Өлкөдө иш жүзүндө Жээнбеков-Матраимовдор үй-бүлөлүк-кландык режими орноду.

 Митингдин катышуучулары төмөнкүлөрдү талап кылат:        

1. Президент Сооронбай Жээнбеков тез аранын ичинде мыйзамсыздыкты токтотуп, мамлекеттик органдарды укуктук талаага кайтарууга тийиш.

2. Өкмөт токтоосуз отставкага кетип Элдик Өкмөт түзүлүүгө тийиш.

3. Президент жана Өкмөт УКМКнын, Башкы прокуратуранын жана ИИМдин жетекчилигин токтоосуз алмаштырууга тийиш. Укук коргоо системасын түп-тамырынан бери реформалоо жүргүзүлүүгө тийиш.

4. Азыркы режимдин камакта мыйзамсыз отурган саясый оппоненттери токтоосуз бошотулсун. Акыркы жылдардагы бардык чуулгандуу иштерди адилеттүү тергөө камсыз кылынсын.

5. Мамлекеттик бийликтин беделин кетирген жогорку мансаптуу чиновниктерди жана депутаттарды люстрациялоо жүргүзүлсүн. Мамлекеттик аппаратты кармоо боюнча чыгымдар кыскартылсын.

6. Мамлекеттик жетекчилик кызматтарга прогрессивдүү ой жүгүртө билген жаңы адамдардын келүүсү камсыз кылынсын. Эски «элита кетсин», жаңы элдик лидерлер келсин!

7.Жогоруда көрсөтүлгөн талаптар эки айлык мөөнөт ичинде аткарылбаса, Элдик штабка бүткүл өлкө боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун мөөнөтүнөн мурда отставкага кетүүсүн жана парламентти таратууну талап кылган массалык нараазычылык акцияларын өткөрүү тапшырылат.