Сауд Араб Падышачылыгы Кыргызстанга ажылык сапары үчүн кошумча 500 квота бөлдү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Бул квота Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын суранычы менен жүзөгө ашырылып, квота улуттук статистика комитетинин берген маалыматынын негизинде калктын санына жараша район, айыл өкмөт деңгээлине чейин 2019-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штаб тарабынанбөлүштүрүлдү.
2019-жылы 500 АКШ долларын төлөп, ажылыкка баруу үчүн каттоого алынып, бирок кезек күтүп турган жарандар эми аймактык кезек боюнча ажыга барууга мүмкүнчүлүк алышып, калькуляцияда көрсөтүлгөн 3000 АКШ доллардан калган 2500 АКШ долларын РСК банкына 2019-жылдын 8-июль РСК Банктын иштөө убактысынын бүтүүсүнө ылайык төлөөлөрү зарыл.
Эскерте кетсек, буга чейин Сауд Араб Падышачылыгы Кыргызстанга 5510 квота бөлгөн. Эми жалпы келген квотанын саны 6010ду түздү.