Фехтования боюнча белгилүү мексикалык спортчу Паола Плиего Өзбекстандын жарандыгын алды. Бул тууралуу ESPN сайты кабарлады.
Паола Плиего өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына Мексиканын Олимпиада комитетиндеги коррупциядан улам эл аралык мелдештерге Өзбекстандын атынан катышуу чечимин кабыл алганын жазды.
Басылманын маалыматына караганда, Плиего 2016-жылы Олимпиада оюндарына үч күн калганда кызытма колдонгон деп айыпталып, мелдештерден четтетилген. Бирок бир айдан кийин айыптоолор ырасталбай, ал акталган. Бул окуядан кийин 24 жаштагы спортчу Мексиканын Фехтования федерациясына ишенбей калганын билдирген.
Өзбек тарап Плиего 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимп оюндарына Өзбекстандын атынан катыша турганын ырастады.
Былтыр жайында орусиялык велоспортчу Ольга Забелинская дагы өлкөнүн спорттук жетекчилиги менен пикир келишпестиктерден улам өзбек жарандыгын алган.