Бүгүн Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Медина шаарына учуп кетет

Автор -

Бүгүн, 16-июлдан 17-июлга караган түнү Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу  Сауд Араб Падышачылыгынын Медина шаарына учуп кетмекчи.

Муфтияттын маалыматына ылайык, Бишкек шаарынан учуучу 392 ажыны 8 ажы башчы коштоп бармакчы.

Ар бир ажыга аттануучу жаран учуу графигинде көрсөтүлгөн мөөнөттөн 5 саат алдын аэропортко барып, каттоого даярдануусу зарыл.