Алмазбек Атамбаев үчүнчү жолу суракка чакырылды

Автор -

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге дагы бир чакыруу жиберди. Бул тууралуу «Азаттык» мурдагы президенттин тарапташтарына шилтеме берип жазып чыкты.

Ушуну менен Атамбаев үчүнчү жолу суракка чакырылып жатат.

Маалыматка караганда, чакырууну милиция кызматкерлери 18-июлда Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө жеткирип берген. Анда Атамбаев күбө катары 19-июлда эртең менен Тергөө кызматына барышы керек экени жазылган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү