ЖК төрагасы чек ара маселесин парламентте талкуудан баш тартты (Видео)

Автор -
661

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыкканда, демейде күпүлдөп сүйлөгөн депутаттардын бирин да көрмөк турсун, уккан да жокпуз. Болбосо Жогорку Кеңеш чогулуп, чукул жыйын өткөрүүнү талап кылгандар көп болгон. Эл талап кылганы менен ардактуу эс алууга кеткен эл өкүлдөрү быш этип да койгон жок.

Кезексиз жыйынга чогулууну айрым депуттар да Исхак Масалиев, Карамат Орозова, Закир Шарапов жана Таабалды Тиллаевдер төрага Дастан Жумабековдун атына кат жолдошкон. Бирок төрага сунушту кабыл албай, «биздин ишибиз жок ал жакта» дегендей жооп узаткан.

April.kg элдин депутаттар чек арага барсын, жыйынга чогулсун деген талапка башка депутаттардын пикирин билип көрдү.

Бөлүшүү