Казакстандагы жол кырсыгында эки кыргыз жараны каза болуп, үчөө -оор абалда (фото)

Автор -

Казакстанда КамАЗ менен жеңил унаанын кагылышынан 5 адам каза тапты, алардын экөө — кыргыз жарандары. Бул туурасында «april.kg» Tengrinews.kz. агентигине шилтеме берип жазып чыкты.

Маалыматка караганда, кырсык Кызыл-Ордо облусунда болгон. Батыш Европа -Батыш Кытай унаа жолундагы «Оазис» комплексинин жанында жеңил унаа менен жүк ташыган унаа кагышкан. Кесепетинде 4 адам окуя болгон жерде жан берип, дагы бирөө райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза тапкан. Алардын экөө Кыргызстан жарандары экени айтылат. Кырсыкка кабылган дагы үч кыргыз жараны дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алардын абалы өтө оор.

Жергиликтүү полициянын маалыматына караганда, КамАЗ Түркестандан келе жаткан. Toyota үлгүсүндөгү жеңил унаада кыргыз жарандары болгон. Алдын ала алынган маалымат боюнча, КамАздын айдоочусу эрежени бузуп, жеңил унаанын айдоочусуна жол бербей койгон. Ага карата иш козголду. Эгер күнөөсү далилденсе, 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү