Фарид Ниязов кармалды

Автор -

Президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева шилтеме берип билдирди.

Анын айтымында, Фарид Ниязов УКМКнын «Альфа» атайын кызматынын кызматкерлерин барымтага алуу фактысы боюнча кармалды.

«Бул иш боюнча өзүм күбө катары өтүп жатам. Сурак маалында атайын кызматтын жоокерлерин эч ким барымтага алган жок, тескерисинче аларды жаалданып турган топтон сактап калдык деп айттым. Фарид Ниязовго азырынча баш коргоо чарасын тандаша элек. Ишти ИИМдин тергөө башкармалыгы алып барууда»
деди Кундуз Жолдубаева.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү