Бүгүн, 19-августта саат 11:00дө Чүй облустук соту саясатчы Садыр Жапаровдун апелляциялык арызын карайт. Бул тууралуу анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
[ads-quote-center cite=’деп айтылат билдирүүсүндө.’]»Урматтуу менден тынымсыз сурап турган журналисттер!Кыргызстанда бир эле мыйзам ар бир соттолуучуга ар башкача иштеп жатканына 100 пайыз күбө болосуздар. Ошол жерден башкаларга иштеген мыйзам жалгыз Садыр Жапаровго иштебей жатканын толук далилдери менен кагаз жүзүндө сотко жана сиздерге берем[/ads-quote-center]
Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында «Кумтөр» кени боюнча болгон нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл 6 айга кесилген.