Чүй облустук соту Садыр Жапаров боюнча чечимди өзгөрүүсүз калтырды

Автор -

Чүй облустук соту  Садыр Жапаров боюнча райондук соттун чечимин өзгөрүүсүз калтырды. Садыр Жапаровдун ишин кароодо фото, видео тартууга тыюу салынды.

Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында «Кумтөр» кени боюнча болгон нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл 6 айга кесилген.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү