Өзбекстанда өткөн ачык Кубокто кыргызстандык жөө күлүктөр 9 медалга ээ болушту

Автор -

Өзбекстанда өткөн ачык Кубокто кыргызстандык жеңил атлеттер 9 медаль утуп алышты. Бул туурасында Өзбекстандын спорттун аталган түрү боюнча федерациясы билдирди.

Турнир 17-18 августта Ташкентте  өтүп, ага Австралия, Казакстан, Кыргызстан, Малайзия, Сауд Аравия, Тажикстан, Түркменстан спортчулары катышты. Биздин өлкөдөн 31 атлет барды.

Айнуска Калил кызы 800 жана 1 500 метр аралыкка чуркоодо күмүш медаль алды. Самат Казакбаев 1 500 жана 5 000 метрге чуркоодо күмүш байгеге ээ болду. Данияр Арыпбеков тоскоолдуктары бар 3 миң метрлик аралыкка чуркоодо күмүш медаль алды. Эркин Шеров (200 метр) менен Михаил Солошенко (1 500 метр) коло медаль алды.

Бөлүшүү