Кыргыз-тажик чек арасын кайтаруу күчөтүлгөн тартипке өткөрүлдү

Автор -
219

Эки өлкөнүн жарандары ортосундагы чыр-чатакты алдын алуу максатында кыргыз-тажик чек арасын кайтаруу күчөтүлгөн тартипке өткөрүлдү. Жергиликтүү тургундардын ортосунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кыргыз-тажик чек арасындагы Максат жана Жака-Өрүк конуштарына жакын жердеги абал боюнча эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу уланат. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты. Аталган кызматтын маалыматы боюнча 14-сентябрда Лейлек районунун Максат айылына жана Баткен районундагы Жака-Өрүккө жакын жердеги тактала элек тилкеге тажик тарап курулуш баштоого аракет кылган. Алар Жака-Өрүк жергесине жакын аймакка 10 машинеге жакын шагыл төгүшкөн. Мындан улам чек арага жакын кыргыз жана тажик айылдарынын тургундары чогулушкан. Абалды жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү өткөрдү. Аталган сүйлөшүү бүгүн да уланат.

15-сентябрда Кыргызстандын Чек ара кызматынын башкы штабынын башчысы Абдикарим Алимбаев Баткенге учуп кетти.

Азырынча тажик тараптан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Кандай курулуш экени да маалым эмес.

31-август күнү ушул аймакка жакын Арка айылында Кыргызстандын жараны өз үйүнө коргон куруп жатканда, тажикстандыктар каршылык көрсөткөн. Мындан кийин эки тараптын расмий өкүлдөрү жолугуп, такталбаган аймакта курулуш ишин токтото турууну макулдашкан.

Бөлүшүү