Чек арадагы чырдан Тажикстандын үч жоокери каза болгон

Автор -
666

Тажикстан 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун тастыктады. «Азаттыктын» тажик кызматы бул маалыматты 17-сентябрда Согди облусунун акиминин басма сөз катчысы Музаффар Юнусов ырастаганын жазды.

Ал телефондон кыска гана маалымат берип, каза болгондордун бирөө полковник, экөө катардагы жоокер экенин айткан. Алар: Овчи-Калача өткөрмө жайынын жетекчиси Рустам Убайдуллоев (35 жаш), Рамазон Исломов (21 жаш) жана Гиёсиддин Суванов (19 жаш).

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларанын ортосунда атышуу болуп, Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын аскер кызматчысы Равшан Муминов каза болду.

Андан тышкары дагы 13 киши жаракат алып, алардын 10у бүгүн Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө институтуна алып келинди.

Бөлүшүү