Кыргыз жана тажик премьерлери чек араны тактоону активдештирүүнү сүйлөштү (Видео)

Автор -

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзоданын жолугушуусу аяктады.

Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы кабарлады. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы «Кызыл-Бел» көзөмөл пунктунда өткөн жолугушууда эки өкмөт башчы акыркы окуяга өкүнүчүн билдирген.

«Азаттык» билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө чек араны тактоо иштерин активдештирүү жана топтолгон маселелерди жоюу боюнча сүйлөшүү жүргөн.

“Тараптар эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгы үчүн чек арага чектеш райондордогу чыңалууну жоюу жана кырдаалды курчутууга жеткирбөө үчүн чараларды кабыл алуу жөнүндө бирдиктүү ойлорун билдиришти”, деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле эки өкмөт башчы чек ара боюнча буга чейинки келишимдерди аткарууну жана жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү макулдашкан.

Ал эми акыркы окуя боюнча кандай конкреттүү чаралар кабыл алынганын кыргыз өкмөтү кабарлаган жок.

Жолугушуу боюнча расмий Дүйшөмбү билдирүү тарата элек.

Бөлүшүү