16-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында жети адам тамак-аштан ууланып ооруканага кайрылды.
[ads-quote-center cite=’ деп билдирди облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын басма сөз кызматы.’]«16-сентябрда эки сааттын ичинде шаардын ар кайсыл бөлүгүндө жашаган жети тургун облустук ооруканага кайрылды. Алардын бардыгынын оору белгилери окшош болгон»[/ads-quote-center]
Кийинчерээк ооруканага кайрылгандардын бардыгы тең 14-сентябрда шаардагы «Мўжиза» ресторанында өткөн үлпөт тойдо мейман болгону аныкталган. Алар арткан тамак-ашты үйлөрүнө алып кетип, эртеси жеген.