Алмазбек Атамбаевдин кайненеси күйөө баласын колдоп чыкты (Видео)

Автор -
411

Кечээ, ушул жылдын 7-8-августунда Чүй облусунун Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын имаратында көчмө жыйын өткөрүштү.

Жыйындын жүрүшүндө Атамбаевдин мурунку аялынын апасы Гүласал Теңизбаева комиссия мүчөсү Исмаил Исаковго суроо берип, 2009-жылы ал камалганда аны коргоп чыкканын айтып, ошондогу сүрөтү чыккан кагазды көрсөттү.

 “Ошондо сенин апаң да сүйлөгөн. Ошол сыяктуу биз дагы апабыз”
деп Атамбаевдин кармалышы, камалашы туура эместигин айтты.

Мындан сырткары, ал мамкомиссиянын мүчөлөрүн өкмөттүн сөзүн сүйлөп жатасыңар деп күнөөлөдү.

Бөлүшүү