Атамбаев түрмөдөн чыгабы?

Автор -
417

УКМКнын камагында жаткан Алмазбек Атамбаевдин пиар кампаниясы кадыресе жанданууда.

Интернет айдыңында “Апрель” телеканалы ишин улантып, оппозициялык берүүлөрдү күчөтүүдө. Андан сырткары КСДПнын орун басары Кундуз Жолдубаева баштаган бир катар коомдук ишмерлер, активисттер бийликке каршы иштешип, элдин маанайын бурууга аракет жасашууда.

Ток этери, экс-президент камалса дагы каршылык көрсөтүүгө аракеттерин мындан дагы күчөтөрү анык. Айрым маалыматтар боюнча, Кремлдин буйругу менен Атамбаев жаңы жылга чейин түрмөдөн чыга турганы ыраспы? Бул боюнча тар чөйрөдө сүйлөшүүлөр башталганы ачыкка чыгабы?

“Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дечү беле?

Булак: «Азия ньюс»

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү