Бүгүн, 18-октябрда акыйкатчы Токон Мамытов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде камалып олтурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушту. Бул тууралуу аталган институттун басма сөз кызматы маалымдады.
Жолугушууда экс-президент Атамбаев ага карата жасалган мамилеге карата эч кандай даттанган эмес.