Мунайды автоунаада ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Автор -

Кыргызстанга мунай жана мунайзаттарынын айрым түрлөрүн автоунаада ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 22-октябрда кол койду.

[ads-quote-center cite=’деп маалымдады өкмөттүн басма сөз кызматы.’]»Бул чечим көмүскө экономиканы кыскартууга жана тиешелүү каттоосу жок, таризделбеген мунайзаттарды өлкөгө ташып келүүгө чектөө коюуга багытталган[/ads-quote-center]

Бирок ташууга убактылуу тыюу салынган мунайзаттарынын айрым түрлөрү кайсылар экени көрсөтүлгөн эмес. Тыюу салуу качанкыга чейин күчүндө болору, бул аралыкта темир жол менен гана ташыш керекпи же башка жолдору барбы — бул тууралуу чечимде жазылган эмес.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, республиканын бензин менен дизел отунуна болгон жылдык керектөөсү орточо 1 миллион 400 миң тоннаны түзөт. Күйүүчү жана майлоочу майдын 80% Орусиядан келет.

2018-жылда күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз ташыган 73 факт катталган, алардын көлөмү 146 530 литрди түздү, бул болжолдуу 5 миллион сомго барабар.

2019-жылдын январынан июнга чейин тийиштүү документтери жок 5 777 тонна мунайзат ташылып келинген.