Россияда унаа кайнак суу толгон чуңкурга түшүп кетип, ичиндегилер каза тапты (видео)

Автор -
381

Россиянын Пенза шаарында асфальт ачылып кетип, ичинде эки адам бар унаа кайнак сууга толгон чуңкурга түшүп кетти. Экөө тең жеринде каза тапты. Бул туурасында орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Окуя 19-ноябрь күнү эртең менен Пенза шаарынын Аустрин көчөсүндө орун алган. «Лада Ларгус» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу буудан улам, асфальттын түшүп кеткенин көрбөй, айдай берген. Жыйынтыгында, алгач алдыңкы дөнгөлөктөр чуңкурга кирип, анан унаа өзү түшүп кеткен. Ичиндеги эки адам тең жеринде кайнак сууга күйүп, каза тапкан.

Пенза шаардык мэриясынын маалыматында, асфальттын түшүп кетишине жер алдындагы ысык суу өтүүчү түтүктүн жарылышы себеп болушу мүмкүн. Эки адамдын өлүмүнө алып келген факты боюнча Пенза облустук тергөө башкармалыгы кылмыш ишин козгоду.