«Коопсуз шаар»: Эреже бузган айдоочулардын 51% айып төлөдү

Автор -
338

Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенден тартып, эреже бузган айдоочулардын жарымынан көбү айып төлөдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги жыйында Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Иманалы Саркулов билдирди.

Анын айтымында, март айынан тартып жол эрежесин бузуу боюнча 873 631 токтом чыгарылган. Анын ичинен азыркы учурга чейин 448 040 токтом боюнча айдоочулар айыппул төлөштү.  Төлөнгөн айыппулдардын суммасы 534 миллион 684 миң сомду түздү.

Саркулов учурда айыппулду төлөбөй жүргөндөрдөн аны өндүрүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.

Жогорку Кеңеште жол эрежесин бузгандарга айыппулду төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатат. Ага ылайык суммасы 3000 сомдук айыптарды 1000 сомго чейин төмөндөтүү сунушталган.

«Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте быйыл 12-февралда ишке кирген. Анын алкагында жолдорго, көчөлөргө жол эрежесин бузган айдоочуларды каттаган жана адамды жүзүнөн таануу функциясы бар видео байкоо камералары орнотулууда. Долбоорду орусиялык «Вега» концерни ишке ашырып жатат.

Ал эми «Коопсуз шаар — 2» долбоору үчүн тендер жарыяланып, анда кытайлык «Shenzhen Sunwin» компания жеңүүчү аталган.