ӨКМ:Таласта катуу шамалдын кесепетинен 8 турак үйдүн чатыры учуп кетти

Автор -
230

Талас облусунун Талас районунда ылдамдыгы секундасына 10-12 метрге жеткен шамал катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей,Талас районунда кечээ, 23-май күнү саат 16:00дөн 17-00гө чейин ылдамдыгы секундасына 10-12 метрге жеткен шамал катталган.

«Шамалдын кесепетинен Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылында 1 үйдүн 25 даана шиферин, Долоно айыл аймагынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 13 даана шиферин, 7 турак үйдүн 184 даана шиферин жана айыл өкмөттүн имаратынын 65 даана шиферин учуруп кеткен»,-деп айтылат маалыматта.

Кырсык болгон жерге ӨКМдин Талас райондук бөлүмүнүн башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясы барып, тактоо иштерин жүргүзүшкөн.