Бишкекте бир ай мурда кармалган казакстандык блогер жана активист Муратбек Тунгышбаевди колдоп митинг өтүүдө.
Жарандык активисттер Рита Карасартова, Өндүрүш Токтонасыров баш болгон бир топ тарапташтары Ак үйдүн алдына Муратбек Тунгышбаевге качкын макамын берүүнү сурап пикетке чыгышты.
«Мурат жаш активист. Аны Казакстанга өткөрүп бербеӊиздер! Мен кыргыз элинен суранам ушундай кыйын кезде бир бололу. Казак элинин башына кыйынчылык келсе кыргыздарга келбей кимге барабыз?»,-деп билдирди тарапташтары.
Ал эми Рита Карасартова эгер Кыргызстан аны коргой албаса анда башка мамлекетке чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк бериши керектигин билдирди.
«Биздин бир топ кылмышкерлерди бир да мамлекет кайтарып берген жок! Алар ошол жакта калышты. А биз бейкүнөө адамды коргошубуз керек»,-деди Карасартова.