Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыгында каза болгон аялдын жакындары изделүүдө. Бул тууралуу фейсбук колдонуучусу Гулзада Карагулова жазып чыкты.
«Бишкек Ош жолунун Чычкан капчыгайында 264-км.де жол кырсыгында 25-30 жаштагы аял кишинин өздүгү аныкталбай жатат, 1.5 жаштагы эркек баласы аман калган. Тааныгандар болсо Токтогул РИИБно кайрылгыла тел; 03747 50105. Бала аябай ыйлап, апасы өлүкканада экен. Тааныгандар болсо жардам бергиле. Оштук деп жатышат»,-деп жазган Карагулова.
Белгилей кетсек, Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынын кесепетинен 6 адам жабыркап, 2 адам каза болгон. Жол кырсыгынан жабыркап, ооруканага жеткирилген жабырлануучулардын аты-жөнү такталган.
— Алай районунун 1963-жылы туулган тургуну С.Э. Анын буту сынган;
— Өзгөн районунун тургуну Н.А. Башынан жаракат алып, денеси көгөргөн;
— Өзгөн районунун 1948-жылы туулган тургуну Ж.Ж. Башынан жаракат алып, денеси көгөргөн;
Ал эми Алай районунун 1996-жылы туулган тургундары Т.Дөөлөткө, Ж.Нурсултанга жана Өзгөн шаарынын 1985-жылы туулган тургуну И.Хусанга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, алар үйлөрүнө жөнөтүлгөн.