Кыргызстандын чек арасына жакын жерде мал жаюуга аракет кылган 11 өзбекстандык чабан кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда өзбекстандыктар Бетегелик деген жайытта чатыр тигип жаткан учурда кармалган. Сурак берип жатып кармалгандар Кыргызстандын аймагына адашып өтүп кеткенин моюнга алышкан.
800дөй кой-эчки, 100дөн ашуун бодо малы жана жылкылары менен кошо кармалгандар коңшу өлкөнүн чек ара кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.