Тажикстандын башкы жибек ишканасы сатыкка коюлду

Автор -

Тажикстан өлкөдөгү башкы жибек өндүрүү ишканасы эсептелген «Пилла» компаниясын сатыкка койду. Өлкөнүн Инвестициялар жана мамлекеттик мүлк комитети ишкананы менчиктештирүү боюнча эл аралык тендер өткөрөт. Ага ата мекендик жана чет өлкөлүк ишкерлер чакырылды.

«Пилла» ишканасынын акцияларынын баштапкы баасы 4 миллион 911 миң сомони же 400 миң долларды түзөт.

Тажик өкмөтү ишкананын болочок ээсине үч шарт койду. Ага ылайык, жаңы кожоюн алгачкы бир жылдын ичинде ишкананын 16 миллион сомонилик карызын төлөп, кийинки үч жылда аны өнүктүрүү жана жаңы жабдууларды сатып алуу үчүн 35 миллион сомони инвестиция салышы керек болот. Ошондой эле алар андан кийинки үч жыл аралыгында 500 жумуш орун түзүү милдеттенмесин алышат. Андан тышкары жаңы кожоюндар ишкананы башка бирөөнө сатуу же анын ишмердүүлүк багытын өзгөртө алышпайт.

Тажик өкмөтү буга чейинки жылдары бир нече ири мамлекеттик ишканаларды саткан. Бирок жаңы кожоюндары андагы жабдуулардын бардыгын сатып, алардын ишин үзгүлтүккө учуратышкан. Азыркы коюлуп жаткан талаптар ушундай фактылардын алдын алуу үчүн жасалып жатканы айтылууда.

Жибек буласын бере турган көпөлөк өстүрүү менен алектенген «Пилланын» өлкө боюнча 39 өкүлчүлүгү бар. Бул жибек комбинаттарын сырье менен камсыз кылып турган өлкөдөгү жалгыз ишкана болуп эсептелет.